• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде коронавирус жуктурган 29 жарандын 20сы сырттан келген - Саттарова

Аймак 0

Бишкек, 30.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Баткен облусунда коронавирус жуктурган 29 жарандын 20сы сырттан келген. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынар Саттарова брифингде билдирди.

Анын айтымында, Баткен облусунда коронавирус жуктурган жарандардын саны 29га жетти.

"Негизинен коронавирус жуккан жарандардын 70 пайыздан ашыгы сырттан келген. Алар умрадан келген бир жаран, Тажикстандан 7, Казакстандан 2 жана Россиядан 10 адам келген. Жалпы 29 адамдын 25и айыгып, ооруканадан чыкты. Калган 4 жаран дарыланууда", - дейт ал.

Саттарова маалымдагандай, облуста 3 медкызматкер коронавирус жуктурган. Учурда алар айыгып, жумуш ордуна чыккан.

"Баткенде 81 адам обсервацияда жатат", - деди Саттарова.

Пикир

Оставить комментарий