• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ат-Башы районунда өзгөчө абал алынып, карантин киргизилди. Дүкөн, чач тарачтар кандай тартипте иштейт?

Аймак 0

Бишкек, 11.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 11-май күнү өлкөнүн айрым аймактарында киргизилген өзгөчө абал тартиби аяктады. Бирок Бишкек жана Ош шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин киргизилүүдө.

Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Эмилбек Алымкулов Ат-Башыда киргизилип жаткан карантин тууралуу айтып берди.

"11-майдан тарта Ат-Башы районунун Ат-Башы жана Ачакайыңды аймактарында чектөө чараларын – карантин киргизүү боюнча буйрук чыкты. Ат-Башы районунун Ат-Башы, Ачакайыңды жана Ак-Жар айылдарынын кире бериштеринде санитардык-карантиндик посттор уюшулду. Уюшулган санитардык көзөмөл пункттарына Ат-Башы ички иштер бөлүмдөрүнөн, өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунан, Ат-Башы райондук кара тумоого каршы бөлүмүнөн, Ат-Башы, Ачакайыңды жана Ак-Жар айылдарынын айыл өкмөтүнөн кызматкерлер коюлду. Ат-Башы, Ачакайыңды айылдарындагы азык-түлүк саткан соода түйүндөрүнө кечки 19:00гө чейин, ал эми калктын күнүмдүк керектелүүчү товарларын, унаа тетиктерин, курулуш материалдарын саткан соода жайларды 18:00гө чейин, ошондой эле кызмат көрсөтүүчү чач тарач, сулуулук салону, желимдөө, сүрөт салону, унаа оңдоо жайлардын 18:00гө чейин иштер турганы белгиленди. Ат-Башы айылындагы Береке базары саат 09:00дөн 14:00гө чейин иштей турганы белгиленди. Ат-Башы районунун аймагында массалык иш-чараларды, митингдерди, жыйналыштарды өткөрүүгө тыюу салынды. Ат-башы районунда мурда уюштурулган обсервация калтырылды. Айыл өкмөттөрүндө эпидемияга каршы комиссияларды түзүп, иш алып баруу милдеттендирилди", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий