• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кара-Буура районундагы “Семетей” кинотеатры капиталдык оңдоодон өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 08.04.22. /Кабар/. 2022-жылдын 6-апрелинде Кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев Талас облусунун Кара-Буура районундагы “Семетей” кинотеатрынын ишмердүүлүгү жана учурда жүрүп жаткан ремонт иштери менен таанышып келди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, кинотеатрдын жетекчилигинин жана Кара-Буура элинин кайрылуусуна ылайык, Талас облусунун өнүгүү фонду тарабынан кинотеатрдын капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн каражат бөлүнүп, учурда оңдоо иштери кызуу жүрүп жатат.

“Семетей” кинотеатрынын имараты 1980-жылы курулган. Калкты кино менен тейлөө сапатын жакшыртуу максатында Кинематография департаменти тарабынан Ч.Айтматовдун 80 жылдыгына карата 2015-2016-жылдары имараттын чатырынын оңдоого 450 миң сом бөлүнүп, кинопроекциялык комплект менен камсыздалып көрүүчүлөрдү тейлеп келген.

Пикир

Оставить комментарий