• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК: Кадамжайда 1,63 млрд сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Аймак 0

Бишкек, 27.10.23. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кадамжай районунда трансформацияланбаган жерлерди жеке турак жай курууга мыйзамсыз берүү фактыларын аныктады.

Атайын кызматтан билдиришкендей, учурда УКМК тарабынан Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл аймагында трансформацияланбаган жерлерди жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз берүү фактылары боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыш иши тергелүүдө.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында аталган айыл аймактын айрым кызмат адамдарынын Д.Д.М., КА.С. жана T.A.C. мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталды, алар 2016-2023-жылдар аралыгында 61,37 га жер тилкесин жеке турак жай куруу үчүн бөлүп берүү боюнча мыйзамсыз чечимдерди чыгарган.

Мындан тышкары, жер тилкесин мыйзамсыз берүү боюнча башка фактыларды жашырууну көздөп, аталган адамдар жеке баюу максатында Кадамжай райондук жер мунапыс комиссиясы менен алдын ала сүйлөшүп, 600,53 гектар жерди мыйзамдаштыруу боюнча арыз беришкен, бирок иш жүзүндө 624 га жер экени аныкталды, анын ичинен 61,37 га мыйзамсыз токтом чыгаруу менен берилген, 6 га Д.Д.М. тарабынан 12 жакын байланыш адамдарына белек катары берилген, ал эми 556,63 гектар жер мунапыс боюнча комиссиясы менен макулдашып, жергиликтүү тургундар тарабынан басып алынган деп киргизилип, үй ээлеринин бар экендиги тууралуу маалыматтар жасалма көбөйтүлүп берилген.

Ошол эле учурда көз карандысыз эксперттин корутундусуна ылайык, мыйзамсыз берилген 624 гектар жердин баасы 1 млрд 63 млн сомго бааланса, анын ичинен мыйзамсыз чечимдин негизинде берилген 61,37 гектар жердин баасы 103 млн 743 миң 145 сомду түзөт.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында баасы 1 млрд 63 млн сом болгон 624 гектар жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды жана Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак а/а кызмат адамдарынын жеке кызыкчылыгын көздөгөн кадамдарына бөгөт коюлду.

Эскерте кетсек, мурда УКМК органдары тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (“Алдамчылык”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында И.Ж. аттуу КР жаранына жер тилкесин мыйзамсыз бөлүп берүү үчүн мурда алынган 106 миң сом өлчөмүндөгү паранын 50 миң сомун кайтарып жаткан жеринен Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак а/а жер маселелери боюнча башкы адиси К.А.С. кармалган.

Соттук териштирүүлөрдүн жыйынтыгында, кармалган К.А.С.нын турак-жайы, айыл чарба багытындагы жер тилкеси жана Хундай Портер үлгүсүндөгү унаасы, жалпы суммасы 5 млн 450 миң сом мамлекетке конфискацияланды.

Учурда бул мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий