• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР СӨПтүн башчысы Темир Сариев ишкерлерге тоскоол болгон үч факторду атады (видео)

Экономика 0


Бишкек, 27.10.23. /Кабар/. Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Темир Сариев "Кабар" агенттигине берген маегинде туруксуз мыйзамдар, укук коргоо органдарындагы адилетсиздик, ашыкча кийлигишүү ишкерлердин башкы көйгөйлөрү экенин билдирди.

“Мыйзамдардын туруктуулугу, укук коргоо органдарынын таза, ачык-айкын иштөөсү, бизнеске кийлигишпөөсү бул өтө орчундуу маселе. Бизде мыйзамдар туруктуу иштеп, ишкерлерди, инвестицияны, менчикти коргоосу керек. Укук коргоо органдары мыйзам чегинде гана текшерүүсү зарыл. Мына ошондон инвестициялык климат келип чыгууда", – деди Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев.

Ошондой эле Темир Сариев ишкерлердин ишин илгерилетүү үчүн узак мөөнөттүү жеңилдетилген насыялар болушу керектигин билдирип, кандай маселе болбосун ыкчам чечүү зарылдыгын баса белгиледи.

“Өнөктөш мамлекеттер менен болуп жаткан маселелерди ыкчам чечип туруубуз керек. Коңшу Казакстанды алалы. Биз алар менен бир ЕАЭБ алкагындабыз. Мына ушул сыяктуу бизнестин көйгөйлөрү өкмөттөр аралык отурумдарда каралып, ыкчам чечилип туруусу зарыл”, – деди Сариев.

Муну менен катар ал жаңы базарларды ачууда мамлекет ишкерлерге жардам берүүсү керектигин, бажы бекеттеринде болсо ишти мындан да жандантуу зарылдыгын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий