• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда акыркы суткада 68 адамдан COVID-19 табылып, 2 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 13.09.21. /Кабар/. Кыргызстанда 13-сентябрга карата коронавирус 68 адамдан жаңы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 31, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 15, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 8, Жалал-Абад облусунда – 4, Баткен облусу – 3 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 95 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 2 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 649 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 21 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 177 миң 226 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 171 миң 523 киши айыгып чыкса, 2 миң 574 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий