• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 568 адамдан табылып, экөө каза болду – Статистика

COVID - 19 0

Бишкек, 27.10.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 568 адамдан табылып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коронавирусту Бишкекте - 159, Ош шаарында - 29, Чүй облусунда - 56, Ош облусунда - 17, Талас облусунда - 16, Нарын облусунда 4, Ысык-Көл облусунда - 38, Жалал-Абад облусунда - 120, Баткен облусунда - 129 адам жуктуруп алган.

Ал эми акыркы бир күндө 380 адам сакайып чыкты. Бишкекте - 67, Ош шаарында - 29, Чүй облусунда - 34, Ош облусунда - 86, Талас облусунда – 11, Нарын облусунда - 10, Ысык-Көл облусунда - 16, Жалал-Абад облусунда - 86, Баткен облусунда - 41 киши айыкты.

Аталган илдеттен жалпы 48 миң 223 адам айыкса, 56 миң 738 киши ооруга кабылган.

Коронавирустан 1 миң 136 жаран көз жумган. Бир күндө 2 өлүм катталды. Бишкек шаарында – 2 адам каза тапты.

Өлкө аймагындагы стационарларда 3 миң 398 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 454 киши дарыланууда. Сутка ичинде өлкө боюнча 9 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Ал эми үй карантининен 10 медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 597 учур катталды, алардын ичинен 3 290 медкызматкер айыгып чыкты.

Пикир

Оставить комментарий