• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус жуктурган 3 жаран каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 22.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус жуктурган 3 жаран каза болду. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Анын айтымында, 1952-жылы туулган аял киши Бишкектеги Кыргыз-Түрк ооруканасынан каза болду, ошондой эле Талас аймактык ооруканасынан 1952-жылкы эркек киши, Ноокен аймактык ооруканасынан 1960-жылкы аял киши каза болду.

Абдикаримов кошумчалагандай, жалпы каза болгондордун саны 40 кишини түздү.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 22-июнга карата коронавирус жуктурган 205 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 3356ны түзөт. Алардын ичинен 2021 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 40 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий