• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акыркы суткада коронавирустан каза болгон учур катталган жок

COVID - 19 0

Бишкек, 15.09.20. /Кабар/. Акыркы суткада коронавирустан каза болгон учур катталган жок. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов брифингде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда аталган илдеттен 1 миң 63 адам каза болду.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган учурлардын саны 44 миң 999ду түзөт. Алардын ичинен 41 миң 103 киши айыгып чыкты.

Пикир

Оставить комментарий