• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда коронавирус жана пневмониядан 2 миң 392 адам дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 15.09.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жана пневмониядан 2 миң 392 адам дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Ал билдиргендей, үй шартында 1 миң 890 адам, ал эми ооруканаларда 502 бейтап дарыланууда.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 71 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 44 миң 999ду түзөт. Алардын ичинен 41 миң 103 киши айыгып чыкты, 1 миң 63 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий