• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Беткаптын кайсы түрү омикрондон жакшы сактайт жана эмне үчүн?

COVID - 19 0

Бишкек, 21.01.22. /Кабар/. Республикалык штаб билдиргендей, сактоочу беткаптарды тагынуу зарылдыгын эч ким жокко чыгара элек жана алардын пайдасы олуттуу бойдон турат. Анткен менен «омикрон» штаммынан сактоодо бардык беткаптар эле натыйжалуу боло бербейт.

Кездеме беткаптар: мурдагы штаммдар үчүн кандайдыр бир деңгээлде (Ухань, Британ ж.б.) таасирдүү болчу, «дельта» штаммынын алдында алар начар чыпкалай турганы белгилүү болду. Булар медициналык беткаптарга салыштырмалуу кыйла начар.

Медициналык беткаптар: кыйла натыйжалуу сактайт, анткени алар атайын материал – вирустарга тоскоолдуктан даярдалат. Мындай беткаптарды тез-тез (2 саат сайын) алмаштырып туруу керек, ал бат нымдашат жана микрофлоранын булагына айланат.

Бирок булардын дагы кемчиликтери бар:

- беткаптын алдында боштук калат, ага беткапты туура тагынган учурда дагы аба кирип турат;

- дем алганда аба беткаптын тыгыз тагылышына таасирин тийгизет, мындан улам натыйжалуулугу төмөндөйт.

Дароо эки кат медициналык беткапты тагынуу вирусту жугузуу коркунучун азайтат, бирок дем алууну кыйындатат жана баары бир респираторлорду колдонуу менен салыштырып болбойт. Ным болуп калган беткапты сөзсүз түрдө ыргытуу шарт, эки кат беткаптан бир күнгө 10-12 даана талап кылынат.

Респираторлор: дем менен кошо чыккан жана дем алууда кирген вирустук бөлүкчөлөрдүн санын азайткан экинчи класстагылары вирустан сактоо үчүн мыкты натыйжалуу беткап болуп саналат. Респираторлор өз кезегинде узак убакытка – сегиз саатка чейин тагынууга ылайыкталган.

Баасы боюнча аларды эки медициналык беткап менен салыштырууга мүмкүн, ал эми натыйжалуулугу боюнча 95% чейинки чыпкалоонун эсебинен кыйла таасирдүү.

Ошентип ооруган адам аркылуу тараган вирустук бөлүкчөлөрдүн саны азаят, бул «омикрондун» жогорку жугуштуулугун эске алганда өзгөчө мааниге ээ.

Сактоочу беткапты туура тандоо өтө маанилүү!

Пикир

Оставить комментарий