• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда бир сутка ичинде 18 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 27.10.20. /Кабар/. Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 18 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 20 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Сүйөркулов көчөсүнүн №10 үйдүн батирлеринин биринде кийим кече жана төшөнчүлөр күйгөн.

Чүй облусундагы Москва районунун Ак-Суу айылынын Добровольский көчөсүндөгү №1 үйдүн төртүнчү кабатындагы батирдин 40 чарчы метр бөлмөсү жана үй буюмдары күйгөн.

Ошондой эле Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаарчасынын борбордук эс алуу жайында аянты 8 чарчы метр болгон балмуздак сатуучу дүкөн, муздаткыч жана балмуздак жасоочу аппарат күйгөн.

Пикир

Оставить комментарий