• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Ысык-Ата районунда мыйзамсыз күйүүчү-майлоочу май саткандарга айып салынды

Коом 0


Бишкек, 18.04.23. /Кабар/. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун айрым тургундары күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз сатуу аракеттерин улантууда. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун Ысык-Ата районунун айрым тургундары тарабынан күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз сатуу фактылары боюнча тиешелүү иштер улантылууда.

2023-жылдын 16-апрелинде Ысык-Ата районунун Хун-Чи айылында жүргүзүлгөн ыкчам иштердин алкагында 4 тонна солярка сатып жаткан жеринен КР жараны У.И.С кармалып, кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин бузгандыгы үчүн ага 17 миң 500 сом айып салынды. Мындан тышкары, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 316-беренесинин ("Товарларды, анын ичинде мунай заттарын жүгүртүү тартибин бузуу") алкагында 12 миң 500 сом айып тагылды.

Мамлекеттик салык кызматы башкармалыгынын инспекторлору келтирилген материалдык чыгымды иликтеп, аныкталган зыянды мамлекеттин пайдасына толтуруу үчүн чогултулган материалдарды Ысык-Ата районунун сот органдарына өткөрүп берүү маселесин кароодо.

Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий