• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кулматов менен Ибраимовдун иши: Соттук отурум жылдырылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.08.19 /Кабар/. Бүгүн, 5-августта Бишкектин Ленин райондук сотунда борбор калаанын мурдагы мэрлери Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовдун жана 10 айыпталуучунун иши каралууда.

Соттук отурум айыпталуучулардын биринин ооруп калгандыгына байланыштуу башка күнгө жылдырылды. Анын жактоочусу айыпталуучу ооруп жаткандыгын тастыктаган билдирмени сотко берди.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов, мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси С.О. жана жеке компаниялардын башчылары К.Ш. жана С.А. 303-берене ("Коррупция") боюнча айыпталышууда.

Бишкектин экс-мэри Кулматов өтүп жаткан иштер боюнча, мамлекетке келтирген зыян 94 млн. 884 миң сом деп бааланууда.

Пикир

Оставить комментарий