• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Элчибек Жантаев БУУӨПтүн өкүлү менен Ош облусунда туризмди өнүктүрүүнү талкуулады

Аймак 0

Бишкек, 06.03.24. /Кабар/. Президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын администраторунун жардамчысы, Европа жана КМШ боюнча аймактык бюросунун директору Ивана Живковичти кабыл алды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, Жантаев алгач БУУӨПдүн өкүлдөрүнө Ош облусун өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

"Экономиканы өнүктүрүүгө экологиялык, инклюзивдик жана санариптик мамилеге жана калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга, климаттын өзгөрүшүнө каршы көрүлгөн чараларга жана жаратылыш ресурстарын сактоо боюнча БУУӨП тарабынан аткарылган иштерди жакшы билебиз жана абдан баалайбыз", -деди ал.

Ошондой эле Жантаев Памир-Алайдын туристтик зонасында инфраструктураны өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү сунушун берди. Атактуу Ленин чокусу (деңиз деңгээлинен 7134 м бийиктикте) көптөгөн өлкөлөрдөн миңдеген туристтерди өзүнө тартып турат, бирок тилекке каршы, ал аймактагы инфраструктура жетиштүү деңгээлде өнүккөн эмес.

"Биргелешкен аракеттерди жасасак, туруктуу туризмге жетише алабыз, бул жергиликтүү калк үчүн жумуш орундарын түзүүгө, элдин бакубаттуулугун жогорулатууга, зыяратчылар менен болгон мамиленин маданиятын өзгөртүүгө, туризмдин коопсуздугун жогорулатууга мүмкүндүк берет", - деди ал.

Белгиленгендей, учурда БУУӨП "Соодага жардам берүү" долбоордун алкагында нарк чынжырын өнүктүрүү үчүн 3 багытта иш алып барууда: кургатылган жемиштер, табигый бал, туризм. Бүгүн ушул долбоорунун жетишкендиктеринин көргөзмөсү өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий