• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто стол тенниси боюнча чемпионат жыйынтыкталды – жеңүүчүлөрдүн тизмеси

Аймак 0

Бишкек, 26.10.23. /Кабар/. Ош шаарында стол тенниси боюнча өлкө чемпионаты аягына чыкты, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Чемпионатка өлкөнүн бардык аймактарынан жана Бишкек, Ош шаарларынан 100дөн ашык курама командалары катышты.

Эркектер арасында командалык мелдеште төмөндөгүлөр жеңишке ээ болду:

• 1-орун – Жалал-Абад шаарынын командасы;
• 2-орун – Ош шаарынын командасы;
• 3-орун – Бишкек шаарынын командасы.

Аялдар арасында:

• 1-орун – Бишкек шаарынын командасы;
• 2-орун – Ысык-Көл шаарынын командасы;
• 3-орун – Ош шаарынын командасы.

Жекелик мелдеште эркектер арасында:

• 1-орун - А.Эргешов (Жалал-Абад),;
• 2-орун - А.Таласбаев (Бишкек);
• 3-орун - Зарылбек у Н (Ош).

Аялдар арасында:

• 1-орун – А.Уланбекова (Бишкек);
• 2-орун – С.Кудусова (Бишкек);
• 3-орун – Р.Абдимиталипова (Бишкек).

Стол тенниси боюнча республикалык чемпионат Ош шаарында алгачкы жолу болуп өтүп, жеңүүчүлөр Ош шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт комитетинин дипломдору жана баалуу белектери менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий