• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарынын мэриясына курулуш компанияларынын бири 5 миң беткап берди

Аймак 0

Бишкек, 25.03.20. /Кабар/. Ош шаарынын мэриясына курулуш компанияларынын бири 5 миң даана беткап берди. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Штабдан белгилешкендей, атайын түзүлгөн комиссия беткаптарды азыркы кырдаалда кызмат кылып жаткан укук коргоо органдарынын кызматкерлерине, блокпостордо иштеп жаткан дарыгерлерге, шаарды тазалап, жашылдандыруу иштерин жүргүзүп жаткан кызматкерлерге бөлүп берет.

Бүгүн 25-март күнү Кыргызстанда дагы 2 эки адамда коронавирус аныкталды: бирөөсү Бишкек шаарында, экинчиси Москва району (Чүй облусу).

Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 44кө жетти. Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 17 адам, Ала-Букада – 2, Ноокат району – 11, Кара-Сууда – 8, Ош шаарында – 1, Москва районунда – 1 жана Бишкек шаарында – 3 адам.

Пикир

Оставить комментарий