• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Токтогул районунда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 25.06.20. /Кабар/. Токтогул районунда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 24-июнь күнү саат 19:00 чамасында Үч-Терек айыл аймагында жаап өткөн жаандын кесепетинен кокту колоттордон сел жүрүп, Саргата-Такталык ички чарбалык унаа жолунун 100метр суу каптаган. Мындан сырткары Саргата айылынын Кодиков көчөсүнүн 250метр ички чарбалык жолун каптаган, жол каттамы ачык унаалар кыйынчылык менен өтүүдө, турак үйлөргө зыян келтирилген эмес.

Жерине райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу жана айыл аймактан 1 экскаватор тартылган.

Тартылган техникалардын жардамында калыбына келтирүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. Калыбына келтирүү иш-чаралары бүгүн, 25-июнда улантылат.

Пикир

Оставить комментарий