• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектеги Шабдан баатыр көчөсүндө жакында жаңы тротуар болот

Коом 0

Бишкек, 26.10.23. /Кабар/. Бишкектеги Шабдан баатыр көчөсүндө жакында жаңы тротуар болот, деп муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Оңдоо иштери Лермонтов көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейинки узундугу 1600 погондук метрди түзгөн тилкеде жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө Курманжан Датка көчөсүнөн баштап түштүк тарабындагы "Неман" кампасына чейин капиталдык оңдоо иштери аяктады. Аба ырайы жагымдуу болгон учурда ишкананын бригадасы кампадан ЖЭБге чейин асфальт-бетон аралашмасын төшөй баштайт.

Жалпысынан бир жуманын ичинде түштүк тараптан капиталдык оңдоо иштерин бүтүрүп, түндүк тараптан иштерди баштоо пландалууда.

Белгилей кетсек, бул тилкеге түндүк тараптан тротуар курууда кызыл сызыктан чыккан тосмолорду демонтаждоо маселеси турат. Оңдоо иштерин "«Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий