• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткенде 773 миң сомдук аткезчилик жүк аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 23.07.18. /Кабар/. Баткен облусунда 773 миң сомдук аткезчилик жүк аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун аймагында Кытай Эл Республикасында чыгарылган эл керектөөчү товарды жүктөп келе жаткан унаа токтотулган.

Бардыгы болуп эч кандай документтери жок 2 миң 400 кг жүк аныкталган. Жалпы орточо базар баасы 773 миң 100 сомду түзгөн.

“Аталган жүк кыргыз-тажик чек арасынан бажы көзөмөлүнөн тышкаршы жерден өткөрүлгөн”, -деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий