• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек мэриясынын колл-борборуна бир жумада 594 арыз жана кайрылуу келип түшкөн

Коом 0

Бишкек, 23.07.18. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 13нөн 19-июлуна чейин Бишкек шаарынын мэриясынын ыкчам чара көрүү “185” кызматына шаардыктардан 594 арыз жана даттануу келип түшкөн. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 174ү катталган.

Катталган кайрылуулардын жана арыздардын ичинен 110 кайрылуу аткарылды.

Калаа тургундары Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борборуна 185 жана 1840 номерлери аркылуу күнү-түнү чалууларды жүргүзө алышат жана көйгөйлөрдү сүрөттөрү менен 0554 -182-185 номерине жиберсе болот.

Пикир

Оставить комментарий