• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чек ара: “Кызыл-Белде” Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК башчылары жолугушууда

Аймак 0

Бишкек, 25.09.22./Кабар/. 2022-жылдын 25-сентябрында Баткен районундагы "Кызыл-Бел" көзөмөл-өткөрмө жайында чек арадагы акыркы кырдаалды талкуулаган эки тараптуу жолугушуу өтүүдө. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууга КР УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана облустук күч кызматтарынын жетекчилери, ал эми тажик тараптан ТР УКМК төрагасы Саймумин Ятимов, Согди облусунун жетекчиси Раджаббой Ахмадзода жана ошондой эле күч түзүмүнүн жетекчилери катышууда.

Пикир

Оставить комментарий