• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош облусунун аймагына 8 миң 492 ыйык Куран китеби келди

Аймак 0

Бишкек, 18.09.20. /Кабар/. Ош облусунун аймагына Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан 30 параны камтыган 8 миң 492 даана Ыйык Куран китеби келип түштү. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Ош шаардык казысынын орун басары Мирлан ажы Казыбаев, Ош облустук казыятынын иш башкарма башчысы Раушан Жеңишбек уулу, Баткен казыятынын иш башкарма башчысы Абдусаттар Жакыпов, Ош облустук, Ош шаардык жана Баткен облустук казыятынын кызматкерлери катышты.

«Бизге келген Куран китебин облуска караштуу бардык мечиттерге, диний окуу жайларга бөлүштүрүп, таратып бермекчибиз. Жараткан Алла Таалам баарыбызга Куран менен жашоону насип кылсын»,- деди казыяттын иш башкарма башчысы Раушан Жеңишбек уулу.

Пикир

Оставить комментарий