• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда сасык тумоого каршы акысыз эмдөө жүрүүдө

Ден соолук 0

Бишкек, 18.09.20. /Кабар/. Кыргызстанда 16-сентябрдан тарта сасык тумоого каршы акысыз эмдөө жүрүүдө.

Эки күндөн бери Бишкек жана Чүй облусунун тургундарына вакцина жасалууда.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, Россиядан Кыргызстанга вакцинанын 120 миң дозасы алынып келген.

Вакцинациялоо жугуштуу оорулар бөлүмдөрүндө, тез медициналык жардам, реанимациялык бөлүмдөрүндө, төрөт үйлөрүндө иштеген медкызматкерлерге жана ҮМБнын дарыгерлерине, балдар үйүндөгү, интернаттагы балдарга жана кызматкерлерге, карылар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үйүнүн кызматкерлерине, ошондой эле өпкө, жүрөк, боор өнөкөт оорулары бар, кант диабети, ашыкча салмагы бар адамдарга, көп ооруган балдарга, кош бойлуу аялдарга жана 65 жаштан жогору адамдарга акысыз жасалат.

Пикир

Оставить комментарий