• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте өтө турган самбо боюнча дүйнө чемпионатына 55 өлкө катышуу ниетин билдирди

Спорт 0

Бишкек, 03.11.22. /Кабар/. 11-13-ноябрда Кыргызстанда алгачкы жолу самбо боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев билдирди.

Анын айтымында, иш-чара Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушундагы "Газпром" спорттук комплексинде өтөт.

"Бүгүнкү күндө самбо боюнча дүйнө чемпионатына дүйнөнүн 55 өлкөсүнөн 420дан ашык спортчу катышууга билдирүү беришти. Мындай масштабдуу иш-чарага даярдануу жана өткөрүүгө мамлекеттен 4 млн сомго жакын каражат бөлүндү. Ал эми байге фондун Эл аралык самбо федерациясы (ФИАС) камсыздайт, ал 231 миң долларды түзөт", - деди Шабданбаев.

Ал белгилегендей, учурда Кыргызстандын самбо боюнча курама командасы Ысык-Көл облусунда окуу-машыгууларын өткөрүшүүдө жана чемпионаттын өтүүсү спортту жана сергек жашоо образын жайылтууга, өлкөнүн спорттук беделин чыңдоого чоң салым кошот.

Пикир

Оставить комментарий