• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

30 жылдан ашык убакыт иштебей турган Каракол аэропорту жазда ишке берилет

Аймак 0


Бишкек, 03.11.22. /Кабар/. 30 жылдан ашык убакыт иштебей турган Каракол аэропорту жазда ишке берилет.

Учурда аэропортто оңдоп-түзөо иштери кызуу жүрүүдө. Эл аралык стандарттарга толук жооп берген жаңы аэровокзал комплекси салынат. Эң башкысы учактар конуу тилкеси 400 метрге узарат. Бул каалаган көлөмдөгү учактардын кыйынчылыксыз учуп-конуусуна мүмкүндүк берет.

Курулуш иштери 2023-жылдын майында бүтүп, эл аралык каттамдарды кабыл ала баштайт. Бул өз кезегинде туризм, айрыкча тоо туризминде альпинизм багытын өнүктүрүүгө түрткү берет.

Белгилей кетсек, Каракол аэропортунда капиталдык оңдоо иштери акыркы жолу 1978-жылы өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий