• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Роналду Чемпиондор лигасында 102 ирет каршылашын жеңип, тизменин сап башына чыкты

Спорт 0

Бишкек, 04.10.19. /Кабар/. Чемпиондор лигасынын экинчи турунун алкагында "Ювентус" клубу "Байер" командасын 3:0 эсебинде утуп алган. Бул тууралуу Sports.ru басылмасы жазат.

Туриндик клубтун чабуулчусу Криштиану Роналду аталган турнирде 102 ирет каршылашын жеңип, тизменин сап башына чыкты. Буга чейин "Реалдын" мурунку дарбазачысы Икер Касильяс 101 жеңиши менен биринчи орунда турган.

Үчүнчү орунда "Барселонанын" мурунку оюнчусу Хави (91) турса, Лионель Месси 80 оюнда жеңишке жетип, төртүнчү орунга жайгашкан.

"Ювентус" командасы Байерди" жеңип, 4 упайы менен өзүнүн тайпасында биринчи орунга чыкты.

Пикир

Оставить комментарий