• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстандык оор атлетчилер Азия чемпионатынан кайтып келди

Спорт 0

Бишкек, 12.02.24. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын оор атлетика боюнча улуттук курама командасы Өзбекстанда өткөн Азия чемпионатынан кайтып келди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Спортчуларды "Манас" эл аралык аэропортунан Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Мелис Тобокелов, КРнын оор атлетика боюнча федерациясынын вице-президенти Улан Молдодосов жана спортчулардын жакындары тосуп алды.

Оор атлетика боюнча курама команда Азия чемпионатында 4 медаль (1 күмүш, 3 коло) жеңген. 102 кг чейинки салмакта Бекдөөлөт Расулбеков күмүш медалга ээ болсо, Эмил Молдодосов (89 кг), Нурсултан Тармалов (96 кг), Татьяна Мельниченко (76 кг) 3-орунду ээлешкен.

Белгилей кетсек, оор атлетика боюнча Азия чемпионаты 3-10-февраль күндөрү өтүп, жалпы 34 мамлекеттен келген спортчулар катышкан. Кыргызстандын улуттук курама командасы жалпы командалык эсеп боюнча 6-орунду ээледи.

Пикир

Оставить комментарий