• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдө өтүп жаткан "Кыргызстандын бермети" фестивалына 20 миң спортчу катышууда

Спорт 0

Бишкек, 23.06.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Чоң-Сары-Ой айылында спорттун 30 түрү боюнча чоңдор жана жаштар арасында VI эл аралык "Кыргызстандын бермети" аталышындагы фестиваль өтүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мелдеш 15-июндан 3-июлга чейин уланат.

Уюштуруучулардын айтымында, фестивалга болжол менен 20 миң спортчу катышууда.

Мелдеш төмөнкү спорттун түрлөрү боюнча өтүүдө:

— Көркөм гимнастика;
— UWW грепплинг;
— кичи футбол;
— дзюдо;
— алыш күрөш;
— армрестлинг;
— эркин жана грек-рим күрөшү;
— спорттук самбо;
— пауэрлифтинг;
— ушу саньда;
— бирманский бокс;
— ордо,
— казак күрөшү;
— пенчак силат;
— кикбоксинг;
— 10 км чуркоо марафону;
— кармаш күрөшү;
— таэквондо ИТФ;
— GAMMA MMA жана STRIKING,
— жаа атуу;
— таэквондо ГТФ, NOMAD MMA;
— масрестлинг жана пляж волейболу.

Белгилей кетсек, аталган фестиваль эл аралык мүнөзгө ээ. Ал көгүлтүр көл жээгинде алтынчы ирет уюштурулууда. Спортчулардын арасында Казакстан, Өзбекстан, Россия, Индия, Монголия жана Пакистандан келгендер бар.

Пикир

Оставить комментарий