• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарын хоккей лигасынын кубогуна арналган чемпионат башталды

Спорт 0

Бишкек, 19.12.22. /Кабар/. Нарын шаарындагы Т.Токтосунов атындагы жабык муз аянтында Нарын хоккей лигасынын кубогуна арналган чемпионат старт алды. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, спортук мелдешке Бишкек шаарынан, Ысык-Көл облусунан жана Нарын облусунун Жумгал, Ат-Башы райондорунан, Нарын шаарынан 7 команда катышууда.

Иш-чаранын ачылышына Нарын облусунун башчысы Алтынбек Эргешов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары – Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев, Нарын хоккей лигасынын президенти Бакыт Жумагулов жана Нарын шаарынын коомчулугу, хоккей күйөрмандары катышты.

Пикир

Оставить комментарий