• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Бишкекте Азиз Мурадиллаев менен коштошуу зыйнаты өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 19.12.22. /Кабар/. Бишкектеги Кыргыз Улуттук драма театрында актер Азиз Мурадиллаев менен коштошуу зыйнаты өтүүдө.

Коштошуу иш-чарасына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, актердун жакындары, санаалаштары жана сахналаштары катышууда.

Азиз Мурадиллаевдин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, актёр Азиз Мурадиллаев оорудан улам 17-декабрда көз жумган.

Мурадиллаев 1978-жылы Фрунзе шаарында туулган. Мектепти аяктагандан кийин Кыргыз улуттук драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайга тапшырган. Кийин 1997-жылы Москвадагы Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайга тапшырып, аны 2001-жылы аяктаган.

Ошол эле жылы Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына артист катары кызматка алынып, ошол күндөн ушул күнгө чейин үзгүлтүксүз бир жерде эмгектенип келген.

Пикир

Оставить комментарий