• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Пригородное айыл өкмөтүн басып алган аялдар 2-3 коомдун кызыкчылыгын коргоп чыгышкан

Коом 0

Бишкек, 19.04.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Пригородное айыл өкмөтүн басып алган аялдар 2-3 коомдун кызыкчылыгын коргоп чыгышкан. Бул тууралуу вице-премьер-министр, экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков брифингде билдирди.

Эскерте кетсек, Чүйдүн Пригородное айыл өкмөтүнүн имаратын 10 чакты аял басып алып, өздөрүн өрттөөгө аракет жасаган. Алар банктан алган насыяларынан улам үйүнөн ажырап калуу коркунучу бар экендигин айтып чыгышкан.

Кармышаковдун айтымында, премьер-министрдин деңгээлинде жолугушуулар өтүп, ал маселелер каралды.

“Ал боюнча мамлекеттик мекемени басып алуу боюнча кылмыш иши да козголду. Аялдардын көйгөйү көп тармактуу экен. Айтсак, тармактык соода боюнча, ошондой эле жеке тараптардан карызга акча алган жана финансылык-кредиттик уюмдан насыя алган. Биз изилдеп көргөндө нааразычылык акциясына чыккан аялдардын банк боюнча көйгөйү жок экен, өз убагында төлөп келишкен. Бирок ал аялдардын 2-3 коому болуп, алардын кызыкчылыгын коргоп чыгышкан”, - дейт ал.

Кармышаков ар бир учурду тийиштүү деңгээлде иликтеп, ага карата чечим кабыл алуу боюнча мамлекеттик банктарга тапшырма берилгенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий