• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте майрам күндөрү коомдук транспорт кадимки режимде иштейт

Коом 0

Бишкек, 21.03.24. /Кабар/. Бишкек шаарында коомдук транспорт кадимки режимде иштеп жатат, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Быйыл Рамазан айын эске алуу менен Бишкек шаарынын мэриясы “Нооруз-2024” майрамын үч күндүк — 20, 21, 22-март күндөрү өткөрөт.

Эскерте кетсек, майрам күндөрү борбор калаанын муниципалдык транспортунун иштөө графиги саат 05:40тан 23:40ка чейин сакталат.

Кошумчалай кетсек, Нооруз майрамында Чүй проспектиси менен Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин каттаган коомдук транспорт убактылуу Киев көчөсүнө багытталды.

Эске сала кетсек, Ала-Тоо аянтында Нооруз майрамын белгилөөгө байланыштуу 2024-жылдын 18-мартынан 23-март саат 00:00гө чейин Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү, ошондой эле Раззаков көчөсү Абдымомунов көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин жана Орозбеков көчөсү Абдымомунов көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин жабылды.

Бишкек мэриясы коомдук транспорттун кыймылын онлайн режиминде “Мой шаарым” мобилдик тиркемеси аркылуу байкоого болорун эскертет.

Пикир

Оставить комментарий