• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Абанын температурасы төмөндөйт: 15-21-январда КР аймагында күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 14.01.19. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында 21-январга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Ага ылайык, эртең, 15-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

15-январда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

16-январда көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл ойдуңун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метргежетиши күтүлөт.

17-январда түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөнүндө жаан-чачын күтүлбөйт. 17-январда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 секундасына метрге жетет.

18-январда жана 19-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 19-январда күндүз Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 секундасына метрге чейин жетет.

Ал эми 20-21-январларда Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде бир аз кар жаашы мүмкүн. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Пикир

Оставить комментарий