• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Президент аймактарда борбордук бийликтин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөөнү күчөтүүнү тапшырды

Президент 0

Бишкек, 23.06.22. /Кабар/ Президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун, минкаб мүчөлөрүнүн, президенттин администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин, мамлекет башчысынын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн маселелери, президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдери менен тапшырмаларынын жер-жерлерде ишке ашырылуусунун жүрүшү каралды.

Ошондой эле, региондор алдында турган тапшырмалар менен жакынкы мезгилдеги пландары, жер-жерлердеги тезинен чечүүнү талап калган көйгөйлүү маселелер талкууланды.

Мамлекет башчысы аткаруу тартиби аксап жатканын белгилеп, конкреттүү багыттар боюнча Президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана район акимдери менен айыл өкмөт башчыларынын чабал ишинин айрым учурларына токтолду.

Садыр Жапаров ошондой эле жер-жерлерде туризм чөйрөсүн мындан ары өнүктүрүү жана уставдык капиталы 1 млрд сомго жеткен Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду менен тыгыз өз ара аракеттенүү маселесине көңүл бурду.

Президент Садыр Жапаров жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчиликсиз ишине жол берилбесин белгилеп, борбордук бийликтин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөөнү күчөтүүнү тапшырды.

Мамлекет башчысынын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жер-жерлерде күндөлүк турмушуна зарыл маселелерин ыкчам чечүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий