• 88.68
  • 95
  • 0.95

Реванш болбой калды! Жоламан Шаршенбеков Анвар Аллахьяровду экинчи ирет жеңди

Спорт 0


Бишкек, 20.12.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Иван Поддубныйдын балбандар лигасынын (PWL – 3) кезектеги мелдешинде россиялык Анвар Аллахьяровду утуп алды.

Мелдеш бүгүн, 20-декабрда Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өттү. PWL – 3 мелдеши World Series форматында, башкача айтканда, дүйнөнүн эң мыкты балбандары килемге чыгып, бир жолудан күрөштү.

Жоламан Шаршенбеков күрөштүн грек-рим түрүнөн 60 кг салмакта россиялык күчтүү балбан Анвар Аллахьяров менен килем үстүнө чыкты. Кармашуу башталганда россиялык спортчу бутун кокустатып алды. Мындан улам жеңиш Жоламан Шаршенбековго ыйгарылды.

Эскерте кетсек, дүйнөнүн жана Азиянын чемпиону Жоламан Шаршенбеков Иван Поддубныйдын балбандар лигасынын мурунку мелдешинде ушул эле Анвар Аллахьяров менен күчүн сынап, 9:6 эсебинде аны артта калтырган.

Аталган мелдеште кыргызстандык балбандар Үзүр Жузупбеков менен Мээрим Жуманазарова дагы атаандаштарын жеңип алды.

Белгилей кетсек, Иван Поддубныйдын балбандар лигасы (PWL) ушул жылдын май айында түзүлүп, анын биринчи мелдеши “ЦСКА” футболдук клубунун машыгуу аянтчасында, экинчиси Москванын Вернадский мамлекеттик циркинде өткөн.

Аталган мелдеште 10дон ашык өлкөдөн 1 миңдей балбан күчүн сынайт.

Пикир

Оставить комментарий