• 88.68
  • 95
  • 0.95

PWL – 3 мелдеши: Мээрим Жуманазарова россиялык спортчуну караандатпай утту — видео

Спорт 0


Бишкек, 20.12.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова Иван Поддубныйдын балбандар лигасынын (PWL – 3) кезектеги мелдешинде россиялык Ксения Буракованы жеңип алды.

Мелдеш бүгүн, 20-декабрда Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өттү. PWL – 3 мелдеши World Series форматында, башкача айтканда, дүйнөнүн эң мыкты балбандары килемге чыгып, бир жолудан күрөштү.

Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер күрөшү боюнча 68 кг салмакта Россиянын бир нече жолку чемпиону Ксения Буракова менен кармашты. Күрөш башталганда эле Жуманазарова күчтүүлүгүн көрсөтүп, эки упайдан алып жатты. Жыйынтыгында 6:2 эсебинде кыргыз кызы жеңүүчү болду.

Аталган мелдеште кыргыз балбаны Үзүр Жузупбеков дагы россиялык Александр Головинди жеңип алды.

Белгилей кетсек, Иван Поддубныйдын балбандар лигасы (PWL) ушул жылдын май айында түзүлүп, анын биринчи мелдеши “ЦСКА” футболдук клубунун машыгуу аянтчасында, экинчиси Москванын Вернадский мамлекеттик циркинде өткөн.

Аталган мелдеште 10дон ашык өлкөдөн 1 миңдей балбан күчүн сынайт.

Пикир

Оставить комментарий