• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Макеев Словакиянын ТИМнин Протокол башчысына ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 12.02.24. /Кабар/. Резиденциясы Вена шаарында жайгашкан Кыргызстандын Словакиядагы элчиси Толенды Макеев Словакиянын Тышкы иштер министрлигинин Протоколунун башчысы Ингрид Хорвай менен жолугушуп, ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн тапшырды.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Элчи Толенды Макеев 2025-жылы «Интергельпо» өнөр жай кооперативинин мүчөлөрүнүн биринчи эшелонунун Кыргызстанга келгендигине 100 жыл болорун жана Словакиялык интернационалисттердин тоолуу өлкөнүн өнөр жайын өнөктүрүүгө көмөк көрсөткөнүн белгилеп кетти.

Ушуга байланыштуу бул маанилүү датага карата элчи словак тарапка жогорку деңгээлдеги өз ара иш сапарларды уюштурууну жана башка биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү сунуштады.

Мындан тышкары, Кыргызстан менен Словакиянын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүнүн жана чыңдоонун маанилүүлүгүнө, ошондой эле ушул жылы кыргыз-словакия Тышкы иштер министрликтер аралык консультацияларынын кезектеги жыйынын өткөрүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Элчи Макеев маданий-гуманитардык чөйрөдө кызматташуунун олуттуу потенциалын белгилеп, билим берүү тармагында Кыргызстан менен Словакиянын ЖОЖдорунун ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө зарылчылыгын айтты.

Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле эл аралык уюмдардын жана Евробиримдиктин алкагында практикалык өз ара аракеттенүү маселелери каралды.

Словакиянын Тышкы иштер министрлигинин Протоколунун башчысы Хорвай өз кезегинде элчи Макеевди ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшыруу менен куттуктап, дипломатиялык миссиясы ийгиликтүү өтүшүн каалады жана эки мамлекеттин ортосундагы салттуу достук мамилелерди мындан ары да чыңдоо максатында биргелешкен жигердүү иш жүргүзүүгө үмүттөнөрүн билдирди.

Пикир

Оставить комментарий