• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек шаарында ири өрт кырсыгы катталды - ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 06.02.22. /Кабар/. Бишкек шаарында ири өрт кырсыгы катталганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Алдын ала маалыматка ылайык, ӨКМге Ленин районуна караштуу Жаш Гвардия бульварында жайгашкан контейнерден өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 14:04тө КР ӨКМдин жалпы 5 өрт өчүрүүчү бөлүмү, Штаб жана ККББдан ыкчам топ тартылган.

Министрлик кошумча маалымат кийинчерээк берелерин эскертет.

Пикир

Оставить комментарий