• 88.68
  • 95
  • 0.95

Азиз Аалиев Айыл чарба министрлигинин коллегиялык жыйынына катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 06.02.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев Айыл чарба министрлигинин 2021-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгаруу жана 2022-жылга коюлган милдеттери боюнча коллегиялык жыйынына катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Ал белгилегендей, өткөн жыл айыл чарба тармагы үчүн оор болуп, ага климаттык шарттар, кургакчылык, азык-түлүк жана күйүүчү-майлоочу майларга карата баалардын кымбатташы себеп болгон. Айыл чарбасында ИДП өсүү темпи 2020-жылга салыштырмалуу 5%га төмөндөдү.

«2021-жылы айыл чарбасын каржылоо программасынын алкагында 10 миңден ашуун фермер 6,1 миллиард сом өлчөмүндө жеңилдетилген насыя алган. 1,3 млрд сом өлчөмүндөгү каражатка лизингге айыл чарба техникасы сатылып алынган, тамчылатып сугаруу үчүн жабдууларды сатып алууга жана башка заманбап технологияларды ишке киргизүү үчүн – 426 млн сом, асыл тукум малды лизингге алууну өнүктүрүүгө – 17,6 млн сом, жаныбарларды идентификациялоо үчүн 58,2 млн сом бөлүнгөн», – деди ал.

Азиз Аалиев белгилегендей, 2022-жылы айыл чарбасында чоң өзгөрүүлөр пландаштырылууда.

«Жыл чечкиндүү өзгөрүүлөр менен башталды, атап айтканда, Министрлер Кабинети айыл чарбасын каржылоону жогорулатты. Үстүбүздөгү жылдын январь айында бекитилген “Айыл чарбасын каржылоо-10” программасынын алкагында бардык багыттар боюнча кредиттик ставка 6%га чейин төмөндөтүлгөн. Өлкө Президентинин чечими менен мамлекеттик финансы институттарына жылына 6% менен насыя берүү үчүн 15 млрд сом, же 176,5 млн АКШ доллары бөлүнөт. Алгач ирет сапаттуу үрөн сатып алууга 1,5 млрд сом бөлүндү, минералдык жер семирткичтерди сатып алууга 1 млрд сомго жакын каражат бөлүү пландаштырылууда, Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга 1,9 млрд сом бөлүндү, ал эми ирригацияга 1 млрд сом бөлүнгөн. Айыл чарба тармагы буга чейин мындай көлөмдө каржыланган эмес», - деди Азиз Аалиев.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары маалымдагандай, Чүй облусунда ирригациялык обьектилерди куруу боюнча долбоорлор башталды.

Пикир

Оставить комментарий