• 88.68
  • 95
  • 0.95

Министрлер кабинетинде мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарында электрондук документ жүгүртүү тутумун киргизүү талкууланды

Өкмөт 0

Бишкек, 06.02.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында «Infodocs» электрондук документ жүгүртүү тутумун, «е-Кызмат» жана «Санарип аймак» автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке киргизүү маселесин талкуулоо боюнча жыйын өткөрдү.

Белгилесек, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына он күндүк мөөнөттө «Infodocs» автоматташтырылган маалыматтык тутумуна кошулууну тапшырды.

Бүгүнкү күндө президенттин облустардагы бардык ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү, шаар мэриялары, райондук мамлекеттик администрациялар, айыл өкмөттөрү, шаардык кеңештердин бир бөлүгү бул системага туташтырылган.

516 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 510унда «е-Кызмат» автоматташтырылган маалыматтык системасы ишке киргизилген. «Санарип Аймак» маалыматтык тутуму 484 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 483үндө ишке киргизилген.

Кеңешменини жүрүшүндө санариптештирүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Азиз Аалиев белгилегендей, өлкөнү санариптик трансформациялоо маселеси республиканын жетекчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө жана мамлекеттик органдарынын иш процессиндеги бюрократияны жоюунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Атап айтканда, калктан мамлекеттик органдардын ар кандай маалымкаттарына болгон талапты кыскартуу жана аны мүмкүн болушунча жоюу боюнча сапаттуу иштерди жүргүзүү зарыл. Иш-чаранын планын түзүп, керектүү иштерди жүргүзүү керек. Мындан тышкары, бир катар борбордук мамлекеттик органдар электрондук документ жүгүртүүнү ишке киргизүү боюнча иштерди тездетиши керек», - деди ал.

Кеңешменини жыйынтыгында мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарын санариптештирүү жаатындагы иштерди күчөтүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий