• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Уставдык капиталы $50 млн. Өзбек-Кыргыз Өнүктүрүү фонду түзүлөт

Өкмөт 0

Бишкек, 16.03.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү Өзбек-Кыргыз Өнүктүрүү фонду жөнүндө Келишимге кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Аталган документке Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 11-12-мартындагы Өзбекстан Республикасына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлган.

Документке тараптардын чарба субъектилеринин соода, инвестициялык жана финансылык алакаларын тереңдетүү жана кеңейтүүгө өз-ара кызыкдарлыгын эске алуу менен кол коюлган.

Фонд Кыргыз Республикасы жана Өзбекстан Республикасы аралык экономикалык кызматташтыкка көмөк көрсөтүү, экономиканы модернизациялоо жана өнүктүрүү, мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалануу максатында негизделген. Фонддун милдети, функциясы, түзүмү жана иштөө тартиби, ошондой эле анын башкаруу органдарынын компетенциясы жана ыйгарым укугу Устав аркылуу аныкталат.

Фонддун штаб-квартирасы Бишкек шаарында (Кыргыз Республикасы) жайгашып, Фондду башкарууну Фонддун Кеңеши жана Фонддун Башкармалыгы ишке ашырат.

Белгиленгендей, Фонд өлкө аймагында катталган жана өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн чарба субьектилерине займ берүү, капиталга катышуу жана башка финансылык инструменттерди пайдалануу ыкмасы аркылуу Кыргызстандагы экономикалык артыкчылыктуу тармактардагы өзүн-өзү актоочу долбоорлорду, анын ичинде төмөнкү багыттардагы каржылоону ишке ашырат:

- агроөнөржай комплекси;

- тигүү жана текстиль өнөр жайы;

- кайра иштетүү өнөр-жайы;

- тоо-кен өндүрүү жана металлургия өнөр-жайы;

- транспорт;

- турак-жай курулуш;

- соода;

- ишкерликти өнүктүрүү;

- энергетикалык комплекс;

- инфраструктураны өнүктүрүү;

- туризмди өнүктүрүү.

Фонд эл аралык уюмдар, корпорациялар жана өнүктүрүү институттары менен Кыргыз Республикасынын аймагындагы долбоорлорду ишке ашыруу максатында өз-ара аракеттешет, ошондой эле Фонд тарабынан колдоого алынган долбоорлор боюнча техникалык көмөк көрсөтөт.

Фонддун Уставдык капиталы 50 млн (элүү миллион) АКШ доллары суммасын түзөт

Пикир

Оставить комментарий