• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан курулуш материалдарын өзүндө өндүрүшү керек - О.Панкратов

Өкмөт 0

Бишкек, 26-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасы курулуш материалдарын өзүндө өндүрүшү керек. Бул тууралуу вице-премьер-министр Олег Панкратов бүгүн, 26-апрелде «Мой дом» пенопласт чыгарган заводдун ишмердүүлүгү менен таанышканда билдиргенин Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

«Завод Кыргыз-Россия өнүктүрүү Фондунан 1,1 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү насыя алып, пенопласт өндүрүү үчүн жаңы жабдууларды орнотту. Аталган курулуш материалы курулуш-оңдоо иштеринде жылытуучу материал катары колдонулат. Учурда өлкөдөгу курулуш тармагы өнүгүп келе жатканын эске алуу менен, мындай материалдарга болгон суроо талап жогору болот. Ошондуктан биз өзүбүздө өндүрүүнү күчөтүшүбүз керек. Бул калк арасында жумуш менен камсыздоону гана көбөйтпөстөн, курулуп жаткан коммерциялык турак жайлардын баасын арзандатат», – деди ал.

Вице-премьер-министр Олег Панкратов «Мой дом» пенопласт чыгарган заводдун модернизацияланышы- орто жана чакан бизнести колдоонун үлгүсү болуп эсептелерин билдирди.

«Учурда орто чакан бизнес өлкө экономикасынын ажырагыс бир бөлүгү катары калыптанып, өлкөдөгү калктын үчтөн бирин жумуш менен камсыздоодо. «Мой дом» ишканасынын келечеги кенен, бүгүнкү күндө пенопласт бардык курулуш иштеринде кеңири колдонулган курулуш материалдарынын катарына кирди. Бул тууралуу сандык көрсөткүчтөрдө да айтылат. Былтыр Кыргызстанда 29,0 тонна пенопласт өндүрүлгөн, бул 2015-жылга салыштармалуу 170,9% көп. Булардын баарын эске алуу менен ишкананын продукциясы ички жана тышкы рынокто өз сатып алуучуларын табарына ишенем», – деди вице-премьер-министр Олег Панкратов.

Пикир

Оставить комментарий