• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өкмөттө атмосфералык абанын абалын жакшыртуу боюнча чараларды талкуулашты

Өкмөт 0

Бишкек, 06.12.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси Талант Султанов Бишкек шаарынын атмосфералык абасынын учурдагы абалын талкулоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

Кеңешмеге өлкөдөгү мамлекеттик органдардын, коомдук жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле экология тармагы боюнча экспертер катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө стационардык булактар жана автомобилдик транспорттон булгоочу заттардын бөлүнүп чыгуусунан улам, акыркы учурда өлкөнүн ири шаарларынын булганышы байкалып, шаардыктардын ден соолугуна зыян келтирилип жатканы белгиленди.

Антан тышкары, атмосфералык абанын булганышын көзөмөлдөө боюнча иш алып барган Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар Министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигинин стационардык постторду модернизациялоо жана санын көбөйтүү боюнча иштерди өткөрүү зарылдыгы белгиленди.

Кеңешменин жыйынтыгы менен Талант Султанов Кыргыз Республикасынын Өкмөт жетекчилигин кароосуна Бишкек жана өлкөнүн башка шаарларындагы атмосфералык абанын абалын жакшыртуу боюнча чаралардын комплексин иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүү сунушун киргизди.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын 2018-2040 жылдарга туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук стратегия проектин иштеп чыгуу алкагында аталган багытты артыкчыктуу деп белгилөө чечими кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий