• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Исаков катуу жааган кардын жана шамалдын кесепеттерин жоюу чараларын көрүүнү тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 28.12.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 28-декабрда, 2017-жылдын 27-декабрындагы катуу жааган кардын жана шамалдын кесепеттерин жоюу маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун маалыматы боюнча, катуу шамалдан улам Жалал-Абад, Ош, Баткен жана Талас облустарындагы турак-жайлардын жана социалдык объектилердин чатырлары жабыркаган. Өлкөнүн айрым райондорунда шамалдын ылдамдыгы секундасына 30 метрге жеткен.

Мындан тышкары, катуу жаан-чачындын айынан Бишкек-Ош унаа жолу убактылуу жабылган. Бүгүн, 28-декабрда, саат эртең мененки 08.30да тазалоо иштери аяктаган соң, жол кайрадан ачылган.

Маалыматта айтылгандай, учурда жаратылыш кырсыгынан жабыркаган турак-жайлардын, социалдык жана башка обьектилердин санын тактоо боюнча иштер жүрүүдө.

Өкмөт башчы тийиштүү мамлекеттик органдарга жергиликтүү бийлик менен биргеликте аймактардагы турак-жайы жабыркаган тургундарга курулуш материалдарын өздүк наркында берүү мүмкүндүгүн кароо тапшырмасын берди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жер-жерлердеги катуу жааган кардын жана шамалдын кесепеттерин жоюу үчүн зарыл болгон учурда кошумча атайы техникаларды тартуу тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен биргеликте келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоо тапшырылды.

Аны менен катар тийиштүү мамлекеттик органдарга учурдагы мыйзамга социалдык объектилерди табигый кырсыктардан жана өрттөн милдеттүү камсыздандырууну караган өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.

Мындан тышкары, Сапар Исаков аймактардагы тургундар арасында турак жайды табигый кырсыктардан жана өрттөн камсыздандыруу зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштерин күчтөндүрүү тапшырмасын берди.

Пикир

Оставить комментарий