• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бирдиктүү электрондук почта системасы жөнүндө жобо бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 15.07.22. /Кабар/. Бирдиктүү электрондук почта системасы жөнүндө жобо бекитилди. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон, деп билдирет министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Аталган чечим аткаруу бийлигинин органдарына Бирдиктүү электрондук почта системасын орнотууга, президенттин 2020-жылдын 17-декабрындагы № 64 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткарууга багытталган.

Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Инфоком” мамлекеттик ишканасы Бирдиктүү электрондук почта системасынын техникалык оператору болуп аныкталды.

Белгилей кетсек, gov.kg домендик зонасында Бирдиктүү электрондук почта системасын түзүү мамлекеттик органдардын электрондук почта даректерин унификациялоого, бекитилген талаптарга жооп берген ведомстволук электрондук почта тутумун түзүү үчүн программалык-техникалык каражаттарды кошумча сатып алууну жана орнотууну четтетүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Пикир

Оставить комментарий