• 88.68
  • 95
  • 0.95

Маданият министри Жаманкулов Индиянын туризм тармагынын өкүлдөрү менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 15.07.22. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Индиядан келген туризм тармагынын өкүлдөрү менен жолукту.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, анда Кыргызстындын туристтик дарамети жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалыматтар берилип, өлкөнүн имидждик ролиги көрсөтүлдү.

Азамат Жаманкулов өз сөзүндө Кыргызстандын кооз жаратылышын, бийик тоолорун жана дүйнө коомчулугун өзүнө бурган көчмөн маданияты тууралуу айтып, Кыргызстанда өтүп келген Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын эске салды.

Эске салсак, 2022-жылдын 7-8-июнунда Индиянын Нью-Дели жана Мумбай шаарларында Кыргызстан тарап Роуд-шоу өткөрүп, анын алкагында ири туристтик компаниялар жана инвесторлор менен жолугушуулар өтүп, жыйынтыгында “Salvia promoters” туристтик кампаниясы менен меморандумга кол коюлган.

Ал эми Роуд-шоунун уландысы катары 14-17-июлга чейин Индиядан 20га жакын ЖМК жана туристтик компаниялардын өкүлдөрүнөн турган делегация Кыргызстандын туристтик деңгээлин жеринен көрүү үчүн келген. Иш-чара "Кыргыз Республикасында туризмди колдоо жана өнүктүрүү фонду" тарабынан уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий