• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ак-Бата конушундагы ФАПтын курулушунун сапаты текшерилди

Коом 0

Бишкек, 16.10.23. /Кабар/. Бишкектин Ак-Бата конушундагы ФАПтын курулушунун сапаты текшерилди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаков фельдшердик-амбулатордук пункттун (ФАП) курулушунун сапатын жана бардык зарыл стандарттарга жана талаптарга шайкеш келишин текшерди.

Курулуш иштерин подрядчы «Баят Строй» ЖЧКсы жүргүзүүдө. Учурда кирпич дубалдарын орнотуу иштери аяктады.

Амбулаториянын жалпы аянты 200 чарчы метрди түзөт. Долбоор "Smart Generation" кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланууда.

Пикир

Оставить комментарий