• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кытайлык компания Чүй облусунда айыл чарба техникасын чыгаруучу завод курууну пландоодо

Коом 0

Бишкек, 16.01.24. /Кабар/. Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Самат Исманов кытайлык Beijing New Future International Trade Co., Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Самат Исманов чет элдик инвесторлор үчүн облустун эшиги дайыма ачык экендигин белгилеп, Кыргызстандын президенти жана министрлер кабинети тарабынан өндүрүштү жандантып, экономикага салым кошом деген бардык ишкерлерге мүмкүнчүлүктөр түзүлүп, колдоолор болорун айтты.

Компаниянын өкүлдөрү Чүй облусунда айыл чарбасына тиешелүү техникалык жабдууларды жана техникаларды өндүрүүчү завод куруу боюнча пландары менен бөлүштү.

Коноктордун өтүнүчү боюнча Самат Исманов Кыргызстандагы инвестициялык климат, өндүрүш ишканаларына тиешелүү мыйзамдар, экологиялык жана башка талаптар, ошондой эле инвесторлор үчүн жеңилдиктер тууралуу кеңири маалымат берип өттү.

Маалымдама: Beijing New Future International Trade Co., Ltd компаниясы Кытай менен Борбор Азиянын ортосундагы соода мамилелеринде өзгөчө орду бар компаниялардын бири болуп саналат.

Аталган компания Кытайдын негизги делген маркетплейстеринин бири JD.COM менен кызматташуу тууралуу келишим түзгөн жана Кыргызстандан өндүрүлгөн товарлардын жеткиликтүүлүгүн онлайн түрүндө Кытай керектөөчүлөрүнө камсыздап бере алат.

Компаниянын ишмердүүлүгү аймактагы соода байланыштарын өркүндөтүүгө, мамлекеттик жана жеке сектор менен тыкыс алаканын аркасында Борбор Азиядагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган.

Пикир

Оставить комментарий