• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Кыргызстанда пенсиялык күбөлүк Tunduk мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү болду

Санарип Кыргызстан 0

Бишкек, 16.01.24. /Кабар/. Кыргызстанда пенсионерлердин пенсиялык күбөлүгү Tunduk мобилдик тиркемесинде электрондук колдонуу үчүн жеткиликтүү болду. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал кагаз түрүндөгү документ менен бирдей юридикалык күчкө ээ жана санарип документти мамлекеттик органдарга көрсөтүү талап кылынган бардык учурларда колдонсо болот. Бул бардык керектүү документтерди смартфонуңузда кармоого мүмкүндүк берет.

Санариптик документти колдонуу үчүн жаран төмөнкү кадамдарды аткаруусу шарт:

- "Tunduk" мобилдик тиркемесин AppStore же PlayMarketтен жүктөө;

- Булуттук электрондук кол тамганы колдонуу менен мобилдик тиркемеге кирүү;

- Тиркемеде "Санариптик документтер" бөлүмүнө өтүп, бул документтин санарип формасын колдонуңуз.

Министрлик мамлекет ыңгайлуу шарттарды түзүү менен жарандарга кам көрүп жатканын белгилейт.

Пикир

Оставить комментарий